Эмиль Токтакунович Токтошев

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттыгына №2 «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын №11 талапкери Токтошев Эмил Токтакуновичтин шайлоо алдындагы кайрылуусу

Мен, Токтошев Эмил Токтакунович, 2015-жылдан бери Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу органдарында иштеп келем. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүмдүн талапкерлигимди көрсөтүү менен шайлоочуларга кайрылам.

Мекенибизде акыркы мезгилдердеги окуялар - бул мурунку болуп өткөн революциялар, 2020-жылдагы пандемия учуру, экономикалык кризис, социалдык коопсуздук жана башка көптөгөн жагымсыз факторлор сыяктуу окуялардан улам өлкөдө азыркыдай акыбал түзүлүп турат.

Экономикадагы олуттуу кризиске жана бюджеттин тартыштыгына карабастан мамлекет өзүнүн өнүгүү багытынан, калкты социалдык жактан колдоодон, көп улуттуу Кыргызстаныбыздын жаркын келечеги үчүн күч аракетинен баш тартпай келет.

Менин туулуп өскөн районумдун тургундары туш болгон көйгөйлөр көп жагынан Кыргызстандын бүтүндөй калкы туш болгон көйгөйлөр менен шайкеш келет.

2015чи жылдан 2021 жылга чейинки парламенттеги ишмердүүлүгүмдө менин катышуум менен 50дөн ашык ?? мыйзам долбоорлору иштелип чыкты, алардын ичинен 33ү күчүнө кирип иштеп жатат.

Саясат жолун тандап жатып, мен өзүмдүн мекендештеримдин алдындагы көйгөйлөрдү жана оор маселелерди чечүү жоопкерчилигин тандап жатканым.

28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо күнү өтөт. Биздин келечегибиз, балдарыбыздын келечеги ушул шайлоодон көз каранды. Мен, Эмил Токтошев, өлкөбүздүн жарандарынын кызыкчылыгын коргоо үчүн, Кыргызстаныбыздын бүтүндүгү үчүн Жогорку Кеңешке бара жатам.