ТОКТОШЕВ
ЭМИЛЬ
ТОКТАКУНОВИЧ

1974-жылы 18-апрелде туулган
Жашаган жери: Бишкек, мп. Жал, 38/33
Байланыш телефону: 0777-88-88-50
E-mail: emil.toktoshev@gmail.com

Өмүр Баяны

ТОКТОШЕВ ЭМИЛЬ ТОКТАКУНОВИЧ 1974-жылы 18-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүнүн Күйөө-Таш айылында мугалимдеринин үй-бүлөсүндө туулган.

Эмил Токтошев 1981-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Күйөө-Таш айылындагы (азыркы Акимжан Жаныбаев атындагы) Өзгүрүш орто мектебине 1-класска кирген. Орто мектепти аяктагандан кийин Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине «Инженер-механик» адистигине тапшырган.

Университетте окуп жүргөндө күнүмдүк жашоого акча табуу максатында Ленин атындагы станок жасоо заводуна токардын жардамчысы жана механик-ремонтчу болуп орношкон. Андан кийин окуусун үзгүлтүккө учуратпастан, "Эрна" фирмасында бухгалтер болуп иштеп калды. Эмил Токтошев 1994-жылы ошол мезгилдин тенденциясы жана талабына жараша Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “менеджмент” адистигине тыштан окуу бөлүмүнө тапшырат.

1998-жылы анын колунда эки жогорку билими бар, бири инженер, экинчиси менеджер болгон. Жөн гана билимдүү эмес, техникалык жана финансылык жактан дагы тажрыйбаны үйрөнүп калган. Окуу учурунда алган билими жана тажрыйбасы бизнес тармагында өзүн табууга жардам берген. 1999 -жылдан 2008 -жылга чейин Кыргыз Республикасынын Ош жана Бишкек шаарларында жана Россия Федерациясынын Москва шаарында жеке ишкердик менен алектенген.

200-жылдын февраль айында Эмил Токтошев Кыргызстанга кайтып келгенден кийин тазаланган кантты жана жашылча консерваларын кайра иштетүү жана өндүрүү боюнча «БайЭлимКомпани» ЖЧКсын түзүп, 2015-жылга чейин директор болуп иштеген. Бүгүнкү күндө «БайЭлимКомпани» өлкөдөгү алдыңкы өндүрүш ишканаларынын бири.

2015-жылдын ноябрында VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде "Ата-Мекен" социалисттик партиясынан атынан депутат болуп эмгек жолун баштап жана азыркы учурда улантууда. 2017-жылдын октябрында “Ата Мекен” социалисттик партиясынын фракциясынын лидеринин орун басары болуп дайындалып, бул кызматта 2021-жылдын сентябрына чейин иштеген. Эмил бала кезинен бери окууну жакшы көрөт, анткени билим анын алыскы Алайкуудагы тоолуу айылдан дүйнөгө сапар алышынын жолу болгон, билимдин аркасы менен жашоодо белгилүү бийиктиктерге жете алды.

Эмил Токтошев 2017-жылы Россия Федерациясынын Президентине караштуу Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын юриспруденция факультетине тапшырып, 2019-жылы магистр даражасын алган.

2018 -жылдын апрелинен ушул убакка чейин Токтошев Эмил Токтакунович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы

Эмил Токтошевдин эмгектик активдүүлүгү жана жетишкендиктери төмөнкү сыйлыктар менен белгиленген:


  • 2017-жылдын 20-ноябры – Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган”
  • 2018-жылдын 12-апрели – КМШ мүчө-өлкөлөрунүн Парламенттер аралык ассамблеясынын «МПА СНГ – 25 лет» Эстелик белгиси менен сыйланган;
  • 2018-жылдын 14-декабры – Мамлекеттин өнүгүшүнө, анын ичинде парламентаризмдин өнүгүүсүнө жана улуттук мыйзам чыгарууну жакшыртуу салым кошкондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин “Ардак грамотасы” менен сыйланган;
  • 2019-жылдын 13-ноябры – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 80 жылдык Юбилейдик медалы менен сыйланган;
  • 2020-жылдын 4-июну – “Финансы жана экономикалык кызматтык мыктысы” наамы ыйгарылган;
  • 2020-жылдын 26-декабрында – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкеринин 3-даражадагы чини ыйгарылган;
  • 2021-жылдын 15-апрелинде - КМШ мүчө-өлкөлөрунүн Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган;
  • 2021-жылдын 22-апрелинде – “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун мыйтысы” төш белгиси менен сыйланган.

Эмил Токтошевдин катышуусу менен мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү үчүн экономика, бизнести өнүктүрүү жана инвестиция тартуу, үй -бүлөнүн, балдардын жана ден соолуктун укуктарын коргоо, Кыргызстандын маданий мурастарын коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча 33 мыйзам долбоору иштелип чыккан жана кабыл алынган, . Кабыл алынган мыйзамдардын баары бүгүнкү күндө коом үчүн ийгиликтүү иштеп жатат.