Мыйзам долбоорлору

Экономика, бизнести өнүктүрүү жана инвестиция
тартуу боюнча мыйзам долбоорлору:
Негизги көйгөй Чечимдер Күтүлүүчү натыйжа Азыркы статус 01.09.2020
1 Инвестициялардын 75% Бишкек шаарына, 25% гана региондорго тартылат "Өзгөчө экономикалык аймактар ​​жөнүндө" Мыйзамдын долбоору Кыргызстандын аймактарында инновациялык ишканаларды ачууга түрткү жаратылат Жогорку Кеңештин биринчи окуусунда кабыл алынды 12-09-2019
2 Мурунку мекендештер, азыр Россиянын жарандыгын алган мигранттар Кыргызстанда жер сатып алганга укугу жок Мурунку Кыргызстандын жарандарына жерди ар кандай максаттарда сатып алууга, ээлик кылууга жана пайдаланууга уруксат берүү максатында ар кандай ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр Мурунку мекендештерибизге карата басмырлоо алынып салынды Күн тартибине киргизилди 18-12-2019 Четке кагылды 19-12-2019
3 Сугат айдоо жерлерин көп жылдык жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн трансформация маселеси “Сугат айдоо жерлерин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ” Мыйзамынын долбоору Дыйкандар өз жерлерин натыйжалуу пайдаланышат КР Президенти кол койгон 07-03-2019
4 Алдыбызда Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшү үчүн бизди чоң жана жооптуу, ийгиликтүү иштер турат. Кыргызстан эли өз өлкөсү менен сыймыктанып, күчтүү, эркин жана бүтүн Кыргызстанда жашагысы келет. "Төмөн түшүмдүү айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын долбоору Дыйкандар түшүмсүз жерлерди жана жайыттарды өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтып келди 13-08-2019

Макулдашуу тобу түзүлдү 11-09-2019
5 Кыргыз Республикасында сапатсыз жолдор көйгөйү Жаңы курулган жолдорго кеминде 2 жыл, оңдолгон жолдорго кеминде 1 жыл кепилдик берүү жагы жол куруучу компанияларга милдеттендирилсин. Жаңы курулган жолдорго кеминде 2 жыл, оңдолгон жолдорго кеминде 1 жыл кепилдик берүү жагы жол куруучу компанияларга милдеттендирилсин. Унаа жолдордун сапаты жакшырат. КР Президенти кол койгон 11-01-2018
Эмил Токтошевдин катышуусунда үй-бүлөнүн, балдардын укуктарын жана ден-соолукту коргоо боюнча төмөнкү мыйзам долбоорлору иштелип чыккан:
Негизги көйгөй Чечимдер Күтүлүүчү натыйжа Азыркы статус 01.09.2020
1 Балдарга карата сексуалдык зомбулук фактыларынын көбөйүшү Зордукчу-педофилдер үчүн жазанын күчөшү - 5 жылга эркинен ажыратуу (мурда 3 жыл болчу). Балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн учурлар азаят КР Президенти кол койгон 11-01-2018
2 Эрте никеге туруу көйгөйү жана анын натыйжасында кыздардын өлүмүнүн жогорку көрсөткүчү Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн катышуусунда диний никеге турууга тыюу салынды Жашы жете электер менен никеге туруу чендери кескин төмөндөдү КР Президенти кол койгон 17-11-2016
3 Гемодиализ аппараттарынын кымбаттыгы, бөйрөк жетишсиздиги бар пациенттер үчүн узун кезектер Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилген, анда гемодиализ кызматы бар жеке медициналык борборлорду айрым салыктардан бошотулду Медицина тармагына кызмат көрсөткөн инвесторлордун саны көбөйөт, гемодиализ үчүн кезектер азаят КР Президенти кол койгон 29-07-2019
Кыргызстандын маданий мурастарын жана улуттук коопсуздукту коргоо боюнча Эмил Токтошевдин катышуусунда иштелип чыккан мыйзам долбоорлору:
Негизги көйгөй Чечимдер Күтүлүүчү натыйжа Азыркы статус 01.09.2020
1 Ак калпактын маданий символун коргоо жана жайылтуу Бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү Ак Калпактын маданий символун мазактагандар жоопкерчиликке тартылат. Катталган 10-12-2018
2 Жарнамалардагы, калктуу конуштардын аталышындагы кыргыз тилинин бузулушу, бурмалоолор Күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу, анын ичинде компетенттүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери Жарнамалардагы жана калктуу конуштардын аталыштарындагы кыргыз тилинин колдонулушундагы каталарды жана башаламандыктарды жоюу КР Президенти кол койгон 04-08-2018
3 Кыргызстанда экстремисттик жана террористтик уюмдардын санынын көбөйүү көйгөйү Тиешелүү органдарга мезгилдүү расмий мамлекеттик басылмаларда Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү деп табылган тизме жана маалыматтарды жарыялоо милдеттендирилсин. Кыргыз Республикасынын калкы экстремисттик жана террористтик уюмдардын иши жана катышуусу жөнүндө маалымдалат. Подписан Президентом КР 13-05-2017